Handleiding
Je bekijkt pagina 74 van 80

бензин же башка тез ѳрт алуучу
материалдарды койбоңуз.
Муз таӊгактарынын (кээ бир үлгүлөрүндө)
курамдарын (уулуу эмес) жутпаӊыз. Суукка
алдыруу себебинен улам муз кубиктерин же
муз набаттарын тоӊдургучтан алып чыгары
менен жегенге болбойт.
Аба чыпкасы үчүн колдонууга арналган
өнүмдөр кол жеткен желдеткич кабы менен
колдонулушу керек, шайман иштетилип
жатканда, ал ар дайым ордунда болушу
керек.
Суюктугу бар айнек контейнерлерди
тоӊдургуч бѳлүмгѳ койбоӊуз, сынып калышы
мүмкүн.
Желдеткичти (эгер болсо) азык-түлүк менен
тоспоӊуз.
Азык-түлүктү салгандан кийин тоңдургучтун
эшиги жакшы жабылганын текшериңиз.
Сынган кутулар тезирээк
алмаштырылышы керек.
Тоңдургуч бөлүмүн тоңдурулган
азыктарды сактоо, жаңы азыктарды
тоңдуруу жана муз кубиктерин жасоо үчүн
гана колдонуңуз.
Капталбаган азыктарды тоңдургуч
бөлүмүнүн ички бетине тийген бойдон
калтырбаңыз.
С-пентан кѳбүк бѳлүүдѳгү газ жаратуучу
катары колдонулат жана ал тез ѳрт
алуучу газ болуп эсептелет.
Шаймандын ар бир бөлүмүндө температура
ар кандай болгондугуна байланыштуу
белгилүү бир азыктарды коюуга мүмкүн
болгон шаймандын бөлүмдөрү төмөнкүлөр:
4 жылдыздуу бөлүм (****) – азыктарды
тоңдурууга ылайыктуу, анткени андагы
температура бир калыпта бөлүштүрүлөт.
Сатылып алынган тоңдурулган азыктардын
таңгагында сактоо мөнөтү аяктоочу күн
көрсөтүлүп турат. Мындай мөөнөт
сакталуучу азыктын түрүнө жараша
аныкталат, андыктан ага маани берилиши
керек. Жаңы алынган азыктар төмөнкү
мөөнөткө сакталышы керек: 1-3 ай
— сыр, деңиз азыктары, балмуздак,
сан/чучуктардын түрлөрү, сүт, жаңы
ичимдиктер; 4 ай — эт азыктары (уй
эти, кой эти, чочко эти); 6 ай — май
же маргарин, тоок эти (тоок, күрп); 8-
12 ай — жемиштер (цитрус жемиштеринен
башка), куурулган эт (уй эти,чочко эти, кой
эти), жашылчалар. 2 жылдыздуу бөлүмдө
сакталуучу азыктардын таңгактарында
көрсөтүлгөн сактоо мөөнөтүнө маани
берилиши керек.
Тамаш-аштын бузулуусунун алдын алуу
үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз:
– Шаймандын эшигин узак убакытка
ачып туруу бөлүмдөрдөгү температуранын
жогорулашына алып келет.
– Адатта азык-түлүк тийип турган үстүнкү
беттерди жана дренаж тутумдарын тазалап
туруңуз.
–
Суу сакталуучу резервуарлар колдонулбаса,
аларды 48 сааттан кийин тазалаңыз; суу
менен камсыздоо тутумдарына туташып
турган суу 5 күндөн бери турса, аны жууп
салыңыз.
– Эт жана балык азыктарынын
суюктугу башка азык-түлүккө тамчылабашы
үчүн аларды ылайыктуу контейнерлерде
сактаңыз.
– Эки жылдыздуу бөлүмдөр тоңдурулбаган
азыктар үчүн ылайыктуу, мисалы,
балмуздакты же муз кубиктерин сактоо же
жасоо.
– Жаңы азык-түлүктү бир, эки же үч
жылдыздуу бөлүмдөрдө тоңдурбаңыз.
– Эгер муздатуучу шайман узак убакытка
колдонулбаса, аны өчүрүп, музду ээритип,
жууп, кургатып жана көгөрүп кетпеши үчүн
эшигин ачып коюңуз.
ОРНОТУУ
Шайман эки же кѳп адамдар тарабынан
кѳтѳрүлүшү жана орнотулушу зарыл -
жаракат коркунучу. Таңгактан чыгарууга
жана орнотуу үчүн, коргоочу кол каптарын
колдонуңузl - кесип кетүү коркунучу бар.
Орнотуу,
суу менен камсыздоону кошуу менен (эгер
болсо), электрикалык туташууларды, жана
оңдоолор, тажрыйбалуу техник тарабынан
өткөрүлүшү керек. Колдонуучунун
нускамаларында айтылбаса, шайманды
оңдобоңуз же тетиктерин алмаштырбаңыз.
Балдарды, орнотулган жерден алыс
кармаңыз. Шайманды кутудан чыгаргандан
кийин ага жолдо зыян келтирилбегенин
текшериңиз. Эгер бир маселе болсо, жакын
жайгашкан Саткандан кийин колдоо көрсөтүү
кызматына кайрылыңыз. Орнотулгандан
кийин, таңгактоону жок кылуу (пластик,
стирол пенопластынын бөлүктөрү, ж.б.)
балдардан алыс кармалышы керек - муунуу
коркунучу бар. Шайманды орнотуудан мурда
электр кубатынан ажыратуу керек – токко
урунуу коркунучу бар. Орнотуп жатканда
шаймандын кабелине зыян келтирилбегенин
текшериңиз – өрт чыгуу же токко урунуу
коркунучу бар. Шайман толугу менен
орнотулгандан кийин гана аны иштетиңиз.
Шайманды жылдырганда полдорго
(м. паркетке) зыян келтирип
албаӊыз. Шайманды жерге орнотуӊуз
же анын салмагын толугу менен
Bekijk gratis de handleiding van Whirlpool WHSD18F013D1, stel vragen en lees de antwoorden op veelvoorkomende problemen, of gebruik onze assistent om sneller informatie in de handleiding te vinden of uitleg te krijgen over specifieke functies.
Productinformatie
| Merk | Whirlpool |
| Model | WHSD18F013D1 |
| Categorie | Vriezer |
| Taal | Nederlands |
| Grootte | 11278 MB |





