Handleiding
Je bekijkt pagina 34 van 44

Бул Жөнөкөй колдонуучу
нускамасы окуганга чейин
Бул сыналгы ушул Жөнөкөй колдонуучу нускамасы жана
жалгаштырылган Колдонуучунун жетеги менен коштолот.
(F6***F/H5***F:
> сол жактагы багыттоо баскычы >
Орнотуулар > Колдоо > Колдонуучунун жетектемесин ачуу)
(Башка үлгүлөр:
> сол жактагы багыттоо баскычы >
Орнотуулар > Колдоо > Tips and User Guides > Колдонуучунун
жетектемесин ачуу)
Эскертүү! Маанилүү коопсуздук
көрсөтмөлөрү
Сыналгыңызды колдоноордон мурун Коопсуздук көрсөтмөлөрүн
окуп чыгыңыз. Samsung өнүмүңүздө болушу мүмкүн болгон
белгилердин түшүндүрмөсүн төмөнкү таблицадан караңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
ТОККО УРУНУУ КОРКУНУЧУ. АЧПАҢЫЗ.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!: ЭЛЕКТР ТОГУНА УРУНУУ
КОРКУНУЧУН АЛЫС БОЛУУ ҮЧҮН КАПКАКТЫ
(ЖЕ АРТЫК КАПКАКТЫ) АЛБАҢЫЗ. ИЧИНДЕ
КОЛДОНУУЧУЛАР ТАРАБЫНАН ТЕЙЛЕНЕ ТУРГАН
БӨЛҮКТӨРҮ ЖОК. БАРДЫК ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТТАРЫН
ТАЖРЫЙБАЛУУ АДИСКЕ ТАПШЫРЫҢЫЗ.
Бул белги ичинде жогорку чыңалуу бар
экенин көрсөтүп турат. Бул өнүмдүн ички
бөлүктөрүнө тийүү кооптуу.
Бул белги бул өнүмдү иштетүү жана
тейлөө боюнча маанилүү адабияттарды
камтыганын көрсөтүп турат.
II класстагы өнүм: Бул белги коопсуз
электрдик жерге туташтыруу талап
кылынбагандыгын көрсөтүп турат.
Эгерде бул белги тармактык шнуру бар
өнүмдө көрүнбөсө, өнүм коргоочу жерге
ишенимдүү туташтырылышы КЕРЕК.
Өзгөрмө ток чыңалуусу: Бул белги менен
көрсөтүлгөн номиналдык чыңалуу
Өзгөрмө ток чыңалуусу болуп саналат.
Туруктуу ток чыңалуусу: Бул белги менен
белгиленген номиналдык чыңалуу
Туруктуу ток чыңалуусу болуп саналат.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Колдонуу боюнча
көрсөтмөлөрүн караңыз: Бул белги
колдонуучуга коопсуздукка байланыштуу
кошумча маалымат алуу үчүн Жөнөкөй
колдонуучу нускамасы кайрылууну көрсөтөт.
Кубаттуулук
• Розеткаларды, узарткыч шнурларын же адаптерлерди
алардын чыңалуу жана кубаттуулук деңгээлинен ашык
жүктөбөңүз. Бул өрттүн чыгышына же токко урунууга алып
келиши мүмкүн.
Чыңалуу жана электр ток күчү жөнүндө маалымат алуу
үчүн колдонмонун “Кубаттуулук мүнөздөмөлөрү” бөлүмүн
же өнүмдөгү кубат менен камсыздоо боюнча энбелгисин
караңыз.
• Электр шнурлары басылбай тургандай жана алардын үстүнө
же жанына коюлган буюмдарга кыпчылып калбагандай
болуп жайгаштырылышы керек. Сайгычтын учундагы,
розеткалардагы жана шаймандан чыга турган жердеги
шнурларга өзгөчө көңүл буруңуз.
• Бул аппараттын ачык бөлүктөрүнө эч качан эч кандай
металл нерселерди салбаңыз. Бул токко урунууга алып
келиши мүмкүн.
• Токко урунуудан алыс болуу үчүн аппараттын ичине эч качан
тийбеңиз. Бул аппарат тажрыйбалуу адис тарабынан гана
ачылышы керек.
• Электр шнуру бекем отургузулуп туташтырылганын
текшериңиз. Электр шнурун розеткадан сууруп жатканда ар
дайым сайгычынан тартыңыз. Аны эч качан электр шнурунан
тартып өчүрбөңүз. Электр шнуруна ным кол менен тийбеңиз.
• Бул аппарат нормалдуу түрдө иштебесе, тактап айтканда,
адаттан тыш үндөр же жыт чыкса, аны дароо розеткадан
сууруп, расмий дилерге же Samsung тейлөө борборуна
кайрылыңыз.
• Бул аппаратты чагылгандан коргоо үчүн же аны кароосуз
калтырылган жана узак убакыт бою колдонбогон учурда
аны розеткадан сууруп, антеннаны же кабелдик системаны
ажыратууну унутпаңыз.
– Электр шнуру учкундап, ысып же изоляциянын
начарлашынан улам чогулган чаң токко урунууга, токтун
агып чыгышына же өрттүн чыгышына алып келиши мүмкүн.
• Жерге туура туташтырылган сайгычты жана розетканы гана
колдонуңуз.
– Жерге туура эмес туташтыруу токко урунууга же
техниканын бузулушуна алып келиши мүмкүн. (I
класстагы техникалар үчүн гана.)
• Бул аппаратты толугу менен өчүрүү үчүн аны розеткадан
ажыратыңыз. Зарыл болгон учурда бул аппаратты
розеткадан тез сууруп алуу үчүн, розетка менен электр
сайгычы оңой жетүүчү жерде жайгаштырылганын
текшериңиз.
Орнотуу
• Бул аппаратты батарея же жылыткычтын жанына же үстүнө,
же ошондой эле, күн нуру тике тийген жерге койбоңуз.
• Аппараттын үстүнө суу толтурулган идиштерди (вазаларды
ж.б.) койбоңуз, себеби бул өрттүн чыгышына же токко
урунууга алып келиши мүмкүн.
• Бул аппаратты жамгырда калып же нымдалып калышына
жол бербеңиз.
Кыргызча
Кыргызча - 2
Bekijk gratis de handleiding van Samsung QE65Q8FAAU, stel vragen en lees de antwoorden op veelvoorkomende problemen, of gebruik onze assistent om sneller informatie in de handleiding te vinden of uitleg te krijgen over specifieke functies.
Productinformatie
Merk | Samsung |
Model | QE65Q8FAAU |
Categorie | Televisie |
Taal | Nederlands |
Grootte | 4839 MB |