Philips Sonicare 5500 Series HX7111 handleiding
Handleiding
Je bekijkt pagina 564 van 755

564
Кыргызча
- Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын башын колдонууну
токтотуңуз. Щётканын башы 3 ай сайын же жешилүү белгилери
аныкталганда алмаштырып туруңуз.
- Эфир майлары же кокос майын камтыган өнүмдөргө түздөн-түз
тийгизбеңиз. Майга тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.
- Колдонуунун максималдуу бийиктиги 4500 метр.
МЕДИЦИНАЛЫК ЭСКЕРТҮҮЛӨР
- Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта колдонгондон кийин да
канай берсе, же болбосо, ыңгайсыздык же оору сезимин жаратса,
шайманды колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге
кайрылыңыз.
- 2 ай мурун оозуңузга же тиш этиңизге операция жасалган болсо,
шайманды колдонуудан мурун тиш догдурга кайрылыңыз.
- Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка түзмөк
жалгаштырылган болсо, шайманды колдонуудан мурун анын
өндүрүүчүсүнө же дарыгерге кайрылыңыз.
- Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо, аны колдонуудан
мурун дарыгериңиз менен кеңешиңиз.
- Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк жана аны
стоматологиялык клиникаларда же мекемелерде бир нече бейтапка
колдонууга болбойт.
БАТАРЕЯНЫН КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАРЫ
- Бул шайманда атайын билими бар адамдар тарабынан гана
алмаштырылуучу батарейкалар колдонулат.
- Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонуңуз. Өнүмдү, анын
батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул
маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн
сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга
себеп болушу мүмкүн. Кошумча жабдуулар өнүмдөрдүн түрүнө карап,
айырмаланышы мүмкүн.
- Philips шайманынын түпнуска аксессуарларын жана керек-жарактарын
гана колдонуңуз.
- Шайманды жана батарейкаларды оттон алыс кармап, жана түз тийген
күндүн нуруна жана температурасы жогору ысыкта калтырбаңыз.
- Эгерде шайман адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт чыгара баштаса,
түсү өзгөрсө же заряддоо убагы мурдакыдай болбой, узарып калса,
колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз.
- Шайманды жана анын батарейкаларын микротолкундуу мештердин
ичине же эпкин менен иштеген бышыргыч бетке койбоңуз.
Bekijk gratis de handleiding van Philips Sonicare 5500 Series HX7111, stel vragen en lees de antwoorden op veelvoorkomende problemen, of gebruik onze assistent om sneller informatie in de handleiding te vinden of uitleg te krijgen over specifieke functies.
Productinformatie
| Merk | Philips |
| Model | Sonicare 5500 Series HX7111 |
| Categorie | Niet gecategoriseerd |
| Taal | Nederlands |
| Grootte | 51731 MB |







